Бүгүн, 29-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 81 миллион 249 миң 28 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 45 миллион 937 миң 151 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 772 миң 912 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 19 миллион 299 миң 960 болду. 334 миң 830 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 67 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 207 миң 871 адамдан аныкталды. 147 миң 901 адам каза болсо, 9 миллион 782 миң 669 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.