Медицина
26-май: Бир суткада 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган
Элита плюс
Май 26, 2020 г.
26-май: Бир суткада 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган
© Элита плюс

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 4
• Нарын облусунда – 3
Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 287 учур катталды, алардын ичинен 237 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.