Коом
25-сентябрда Чолпон-Ата шаарында ири бизнес форум өтөт
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
25-сентябрда Чолпон-Ата шаарында ири бизнес форум өтөт
© Элита плюс

 25-сентябрда Чолпон-Ата шаарында ири бизнес форум өтөт. Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө багытталган иш-чарага ишкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Облус жетекчилиги аймактын ишкерликке ыңгайлуу шарттары, кирешелүү тармактары тууралуу кеңири маалымат берет. Бизнес чөйрөсүнүн бири-бири менен байланышын бекемдеген экономикалык шакекче түзүү максат кылынып жатат. Ысык-Көлдө иш алып барган ишканаларга дубандын өзүндө өндүрүлгөн товарларды сатып алуу сунушталат.