25-июнда 228 адамдан коронавирус аныкталды
Элита плюс
Июнь 25, 2020 г.
25-июнда 228 адамдан коронавирус аныкталды
© Элита плюс

Өткөн сутка ичинде Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Ал 1971-жылы туулган аял киши болгон.

2020-жылдын 25-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 228 учур катталды:
Бишкек ш. – 113
Чүй облусу – 24
Ош ш. – 32
Ош облусу – 31
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 10
Ысык-Көл облусу – 12
Талас облусу – 3
Баткен облусу – 2

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 13
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Баткен облусунда – 1
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

25-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 3 954 учурга жетти.