Коом
24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт
Элита плюс
Май 21, 2020 г.
24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт
© Элита плюс

“Мындай чечим республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйдө майрамдайбыз”, - деп кабарлашты муфтияттан.

:round_pushpin: 24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.