Коом
23-ноябрь: 6 адам коронавирус жана пневмониядан каза болду
Элита плюс
Ноябрь 23, 2020 г.
23-ноябрь: 6 адам коронавирус жана пневмониядан каза болду
© Элита плюс

Өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус илдетине каршы күрөшүп жаткан бейтаптардын ичинен дагы алтоо каза болду. Муну менен өлкөдө инфекциядан көз жумгандардын саны 1 миң 237ге жетти. Статистикалык маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду. Каза болгондор:

Бишкек шаары – 2;
Талас облусу – 1;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу – 1.