Аймактар
21 адам "Хизб ут-Тахрир" уюмунан баш тарткан
Элита плюс
Январь 24, 2023 г.
21 адам "Хизб ут-Тахрир" уюмунан баш тарткан
© Элита плюс

Жалал-Абад облусунда 2022-жылда 21 адам "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тарткан. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, күн мурун Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында эки жаран аталган уюмдан баш тарткан. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес болгондугун айтышып, жаштарды бул жолго барбоого үндөштү.

"2022-жыл ичинде жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин жүрүшүндө 21 жаран каттоодон чыгарылган. Ошондой эле диний экстремизм багытында издөөдө жүргөн бир кылмышкер кармалган", - деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы ЭММКАК тарабынан КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин бир нече беренелеринин негизинде 1 миң 353 административдик протокол түзүлгөн. Анын натыйжасында республикалык бюджетке 7 млн 176 миң сом айып пул өндүрүлгөн.

Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмге, терроризмге, улуттар аралык араздашууга каршы күрөшүү, чек ара келишпестиктерин болтурбоо максатында жер-жерлерде жалпысынан 847 жолу алдын алуу иштери өткөрүлгөн.