Коом
208 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
208 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
© Элита плюс

Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзымсыз делген баңгизатка каршы “Мак-2020” атылышындага оперция жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын алкагында июнь айынан баштап сентябрга чейинки аралыкта жалпысынан 208 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Анда айрым аянттарда химиялык, механикалык жолдор пайдаланылып, кээ бир жерлеринде кол менен үзүлгөн. Атайын түзүлгөн 42 бригада аймактагы 60 миң гектардан ашык аянтты иликтөөгө алып, анын 380 гектарында кара куурай өсүп турганын аныктаган. Учурда облустун аймагында "Мак-2020" комплекстүү операциясы уланып жатат.