Коом
2020-жылы транспорттук каражаттарды каттоодогу, айдоочулук курамды документтештирүүдөгү бир катар жол-жоболор жөнөкөйлөтүлгөн
Элита плюс
Январь 22, 2021 г.
2020-жылы транспорттук каражаттарды каттоодогу, айдоочулук курамды документтештирүүдөгү бир катар жол-жоболор жөнөкөйлөтүлгөн
© Элита плюс

22-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын коллегиясына даярдык көрүү алкагында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 26 аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Акын Мамбеталиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ведомствонун мындан аркы өнүгүүсү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндө өткөн жылы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан 309 870 кызмат көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч унаалар алгачкы каттоо жана аларды кайра каттоону да камтыйт.

2020-жылы 413218 мамлекеттик номер белгилери, 250038 транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.

2020-жылы улуттук, эл аралык үлгүдөгү жана тракторист – машинисттин бардыгы болуп 189526 айдоочулук күбөлүктөр берилген.

Мындан тышкары өлкөнү санариптештирүү жана МКК тарабынан берилүүчү документтерди алууну жеңилдетүүнүн алкагында жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында өткөн жылы Бишкекте «бирдиктүү терезе» принциби менен биринчи АвтоКТБ ачылды.

Учурда, АвтоКТБларды ачуу максатында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин карамагында турган Каракол, Кара-Балта жана Талас шаарларындагы имараттарды оңдоп түздөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле борбор калаанын батыш бөлүгүндө дагы бир АвтоКТБ ачуу маселеси каралууда.

2020-жылы транспорттук каражаттарды каттоодо жана айдоочулук курамды документтештирүүдө бир катар жол-жоболор жөнөкөйлөтүлгөн.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында 2021-жылы транспорт каражатынын электрондук паспортторун (ЭТТС) жана Бишкек шаарынын аймагында электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү,транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн киргизүү пландаштырылууда. Долбоордун апробациясы жыл ичинде Бишкекте өткөрүлөт.

Пилоттук түрдө сыналуучу, транспорт каражаттарын башкарган адамдарды бет түзүлүшү боюнча идентификациялоо боюнча программалык чечим келечекте айдоочунун күбөлүктүн жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн электрондук түрүнө өтүүгө мүмкүндүк берет, электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат.