Коом
Дарыгерлер тобуна бөлүнгөн каражаттар
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Дарыгерлер тобуна бөлүнгөн каражаттар
© Элита плюс

Быйыл баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелерин каржылоого 4 млрд 274 млн сом каралган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков кабарлады.  Ал билдиргендей, баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган калктын санына жараша ишке ашырылат. 2020-жылы баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоого 4 млрд 274 млн сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоого 2 млрд 420 млн сом сарпталды.