Коом
2-6-класстын окуучулары кайрадан аралыктан окуйт
Элита плюс
Октябрь 06, 2020 г.
2-6-класстын окуучулары кайрадан аралыктан окуйт
© Элита плюс

Кыргызстанда 2-6-класстын окуучулары кайрадан аралыктан окуй турган болду. Тиешелүү чечим Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, буйрукка ылайык, 2020-жылдын 6-октябрынан тарта окууга барчулардын саламаттыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2-6-класстын окуучулары кайрадан аралыктан окууга жөнөтүлөт.

Билим берүү жана башкаруу бөлүмдөрүнө билим берүүнүн дистанттык формасын уюштурууну катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Билим берүү министрлиги тарабынан аймактык ички иштер органдары менен биргеликте өлкөдөгү мектеп-интернаттарын жана балдар үйлөрүн кайтарууга алуу тапшырмасы берилди.

Министрликтен кошумчалашкандай, окууну жандандыруу маселеси өлкөдөгү абал турукташкандан кийин каралат.

Белгилей кетсек, буга чейин Республикалык ыкчам штабдын чечими менен 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштай тургандыгы айтылган.