Коом
19-сентябрга чейин жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
19-сентябрга чейин жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек
© Элита плюс

Кыргызстанда 495 миң жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар 4-октябрь күнү өтө турган шайлоого катыша албайт. Ошол үчүн 19-сентябрга чейин жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, тизмесин такташы керек.

Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы болуп дайындалды. Учурда шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, ишин жүргүзүп жатат. Шайлоону өткөрүү үчүн БШКга 722,9 млн сом бөлүп берүү каралган.

Чет жерде жүргөн жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күнү жалпы 2 миң 462 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп жатат. Анын ичинде өлкө сыртында 44 шайлоо тилкеси бар.

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.