Коом
19-июнь: Күндүн жыйынтыгы
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
19-июнь: Күндүн жыйынтыгы
© Элита плюс

28 бейтап ооруканадан чыгарылды. Айыккандардын жалпы саны 1961 жетти.

COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 132 учуру катталды.

Жалпы жуктурган2789.
Ооруканада - 544, анын ичинен реанимация - 6.
Каза тапты 32.

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 11 609.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1336.

Бишкекке Египеттен 47, Якутиядан 170, Индиядан 10 Кыргызстандын жарандары келди.

Республикалык штабдын чечими менен балдардын жайкы эс алуу лагерлерине уруксат берүү укугу жергиликтүү бийлик органдарына берилген.

Президенти Сооронбай Жээнбеков: Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң.

Beeline өзүнүн абоненттери үчүн коронавирус суроолору боюнча акысыз тынымсыз байланышын уюштурду. Чалуулар*3202 номери аркылуу кабыл алынат.