Коом
171 медицина кызматкерине компенсация төлөндү
Элита плюс
Октябрь 20, 2020 г.
171 медицина кызматкерине компенсация төлөндү
© Элита плюс

171 медицина кызматкерине компенсация төлөндү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Компенсациялык төлөмдөр боюнча иш алып барган комиссиянын кароосуна 1901 документ келип түшкөн, анын ичинен 171 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилди: 200 миң сом өлчөмүндөгү каражат илдетке чалдыккан 147 кызматкерге жана 1 млн сомдон акча каражаты  оорудан каза болгон 24 кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөндү. Андан сырткары, 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, анда дагы 133 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилиши каралды.

Алардын ичинен, ооругандар – 130 болсо, каза болгондор – 3 кызматкер”, - дейт Нурболот Үсөнбаев.