Коом
16-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба -ырайы
Элита плюс
Февраль 11, 2021 г.
16-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба -ырайы
© Элита плюс

Кыргызгидромет борбору 12-февралдан 16-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

12-16-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-февралда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда күндүз жана 13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 14-февралда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

12-16-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

12-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-15-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

12-16-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда күндүз жана 13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 14-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-16-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

12-16-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 14-февралда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-февралда күндүз жана 16-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

12-16-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

12-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-16-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

12-16-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-февралда күндүз жана 13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 14-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын кутүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетиши күтүлөт.