Коом
15-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 109 млн куб метрге жетти
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
15-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 109 млн куб метрге жетти
© Элита плюс

15-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 109 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 307 куб метрге жетүүдө. 14-сентябрда суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 101 млн куб метр болчу. Өткөн жумада 15 млрд 79 млн куб метрди түзүп турган.