Коом
15-май. Кыргызстанда дагы 29 адамда COVID-19 табылды
Элита плюс
Май 15, 2020 г.
15-май. Кыргызстанда дагы 29 адамда COVID-19 табылды
© Элита плюс

Кыргызстанда 15-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 29 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 111 адамга жетти.

"Жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында – 6, Чуй облусунда - 4, Ош шаарында - 4, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 2, Нарын облусунда - 11 жана Ысык-Көл облусунда - 1 учур бар", - деп билдирди ал.