Коом
14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнө айыпталган 2 жигит абакта асынган абалда табылды
Элита плюс
Декабрь 04, 2022 г.
14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнө айыпталган 2 жигит абакта асынган абалда табылды
© Элита плюс

Бүгүн, 4-декабрда 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнө шектелип кармалган 2 жигит асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маркумдардын жансыз денеси Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесинде асынган абалда табылган. Айыпталуучулардын жансыз денесин сырттан кароо учурунда жаракаттар аныкталган эмес. Бул факт боюнча материалдар каттоого алынып, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматы текшерүү жүргүзүп жатат.

Андан сырткары атайын прокуратура Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесинин кызмат адамдарына текшерүү жүргүзүүдө.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 9-класстын окуучусу Айдай Кочкорованын жансыз денесин өзүнүн малын багып жүргөн тургун тарабынан табылып, ал “112” кызматына кабар берген. Окуя болгон жерди кароо учурунда маркум кыздын колу артка жип менен байланып, муунтулуп, киши колдуу болуп каза тапканы маалым болгон.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алсыз абалдагы адамды же баланы өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 1997-жылы туулган М,Ш,, 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А. Уулу С., андан кийин 11-класстын окуучусу кармалган.

Маркум кыздын ата-энеси Москвада иштеп жүрүшкөн. Кыз таенесинин колунда жүргөн. Ата-энеси бул иш боюнча катуу жаза колдонулушу керектигин айтышкан.

Ал эми 30-ноябрда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Исхак-Полотхан айыл аймагында (мурдагы Халмион) Айдай Кочкорованын өлүмү боюнча ишти тергөө аяктаганын, иш Кадамжай райондук сотуна өткөрүлгөнүн билдирген.