Маданият
14 саат 27 мүнөттө Дөөлөт Сыдыков манас айтуусун токтотту
Элита плюс
Ноябрь 12, 2020 г.
14 саат 27 мүнөттө Дөөлөт Сыдыков манас айтуусун токтотту
© Элита плюс

12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебин" жаңылады.

Иш-чара борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө манас айтты.

Анда манасчы дээрлик 14 саат 27 мүнөт тынымсыз манас айтты.

Учурда манасчыны боз үйдөн алып чыгып, ага суу беришти. Ошондой эле анын кан басымы текшерилди.

Манасчынын абалы жакшы экени тасмадан көрүнүп турат.