Коом
12 жашка чейинкилер арасында COVID аз кездешет
Элита плюс
Октябрь 02, 2020 г.
12 жашка чейинкилер арасында COVID аз кездешет
© Элита плюс

Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне үчүн 7-класска чейинки окуучуларга мектепке барууга уруксат берилгенин түшүндүрдү. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 12 жашка чейинки балдар арасында COVID аз кездешет.

«Сентябрь ичи 1-класстын окуучулары мектепке барып жатышты. Эч бир жугузуу байкалган жок. Жаш курагы боюнча дагы иликтөө жүргүзгөнбүз. Белгилей кетүүчү жагдай, бардык санитардык талаптарды камсыз кылууга даяр болгон мектептер гана иштей алат», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Республикалык штаб 2-6-класстын окуучуларына дагы мектептерге барып окууга 6-октябрдан тарта уруксат берди.