Коом
12 -май. Кыргызстандагы дагы 21 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1037
Элита плюс
Май 12, 2020 г.
12 -май. Кыргызстандагы дагы 21 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1037
© Элита плюс

Кыргызстанда 12-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 37 адамга жетти.

"Жаңы учурлардын ичинде Бишкек шаарында – 10, Чуй облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 3, Нарын облусунда - 7 учур бар", - деп билдирди ал.

Башкы санитардык дарыгердин айтуусуна караганда, жаңы катталган 21 учурдун ичинен үч учур сырттан келгендерден табылган. Бир бейтап Дубайдан келсе, экөө Россиядан келген.