Спорт
12-декабрда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
12-декабрда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
© Элита плюс

 

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 2020-жылдагы дүйнө чемпионтын 12-20-декабрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу аталган уюмдун Instagram баракчасына жарыяланды. 

 Эл аралык уюм мындай чечимди дүйнөдөгү улуттук федерациялардын 70 пайызынын мелдешке катышууга даярдыгы тууралуу тастыктоо алгандан кийин гана кабыл алган.

Ал эми дүйнө чемпионатынын алдында, декабрь айында өтүүчү өспүрүмдөрдүн мелдеши катышуучулардын санына байланышкан маселеден улам кийинкиге калтырылган.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун кезектеги жыйыны 6-ноябрда өтөт. Анда декабрга белгиленген дүйнө чемпионатын өткөрүү маселесин дагы бир ирет талкууга алышат.

“Дүйнөлүк күрөш оюндары декабрь айында башталат деген жакшы тилегибиз бар. Биз үчүн балбандардын, машыктыруучулардын жана күрөш адистеринин коопсуздугу башкы орунда. Биз тиешелүү органдардын бардык ченемдерин так сактайбыз”, — деген Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун президенти Ненад Лалович.

Буга чейин 2020-жылга Олимпиада оюндары белгиленгенине байланыштуу күрөш боюнча дүйнө чемпионаты олимпиадалык эмес салмактагылар арасында болору айтылган. Бирок кийин Олимпиада оюндары 2021-жылга жылгандыктан UWW дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкен.

Эскерте кетсек, 2019-жылдагы дүйнө биринчилиги Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн.