Коом
11- май. Кыргызстанда сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан чыкты
Элита плюс
Май 11, 2020 г.
11- май. Кыргызстанда сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда бир сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев брифинг учурунда билдирди. 

Анын айтымында, оорудан айыгып чыккандардын 11-и Бишкек шаарынан, Нарын облусунан - 2 адам.

Жалпы республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.