Коом
11-июнь: Бир суткада 10 медкызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
Элита плюс
Июнь 11, 2020 г.
11-июнь: Бир суткада 10 медкызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
© Элита плюс

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 9
• Ош ш. – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.