Дүйнөдө
10-май: Дүйнөдө коронавирус илдетинен 158 миллионго чукул адам жабыркады
Элита плюс
Май 10, 2021 г.
10-май: Дүйнөдө коронавирус илдетинен 158 миллионго чукул адам жабыркады
© Элита плюс

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 157 миллион 946 миң 278 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 93 миллион 312 миң 421 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 288 миң 638 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 707 миң 359 болду. 581 миң 752 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 22 миллион 296 миң 414 адамдан аныкталды. 242 миң 362 адам каза болсо, 18 миллион 317 миң 404 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 184 миң 790 адам вируска кабылган. 422 миң 340 бейтап көз жумса, 13 миллион 457 миң 400 бейтап оорудан сакайды.