Коом
1-сентябрда Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн чек арасын ачты
Элита плюс
Сентябрь 02, 2020 г.
1-сентябрда Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн чек арасын ачты
© Элита плюс

1-сентябрдан тартып Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы «Достук», «Кызыл-Кыя» жана «Маданият» чек ара бекеттеринен эки тарапка адамдар мурункудай каттай башташты. Бул маалыматты Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка ылайык, өзбек бийлиги 1-сентябрдан тартып кыргызстандык жарандарга Өзбекстанга кирүүгө уруксат берди. Өзбекстанга кирүүнү каалаган кыргызстандыктар акыркы 72 саат ичинде ПЧР анализ тапшырганын, таза экенин тастыктаган кагазы болсо, карантинге алынбайт. Өзбекстандык жарандар үчүн мындай талап жок.

Коронавируска анализ тапшырбаган жарандар Өзбекстандын талаптарына ылайык белгилүү мөөнөткө карантинге алынат.

Кыргызстан да Өзбекстанды коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташкан өлкөлөрдүн катарына киргизип, өзбекстандык жарандарга чек арадан кирүүгө 1-сентябрдан тартып уруксат берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекети Ош облусунда, «Кызыл-Кыя» өткөрмө бекети Баткен облусунда, ал эми «Маданият» өткөрмө бекети Жалал-Абад облусунда жайгашкан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан чек арасын 20-марттан тартып жапкан. Чет өлкөлүк жарандардын киришине тыюу салынып, эл аралык аба жана темир жол каттамдары токтотулган.

Чет мамлекеттерден келе албай калган кыргызстандыктарды алып келиш үчүн 100дөн ашуун чартердик каттамдар уюштурулуп, 30 миңден ашуун адам мекенине кайтарылган. Орусиянын Самара жана Бузулук шаарларынан 52 автобус менен кыргызстандыктар алынып келген.

Жалпысынан март айынан сентябрга чейин дүйнөнүн 78 өлкөсүнөн кыргызстандыктар мекенине жеткирилген