Президент
Ат-Башыда сүттү кайра иштетүүчү комплекс курулууда
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
Ат-Башыда сүттү кайра иштетүүчү комплекс курулууда
© Элита плюс

Нарын облусунун Ат-Башы районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплексин курууда. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Аталган ишкананын уюштуруучусу Самар Өмүракунов өндүрүлгөн продукциялар ички рынокто сатылаарын жана Казакстанга экспорттолорун маалымдады. Ишканада 50дон ашуун адам иштейт. Өндүрүш кубаттуулугу сезонунда 55-60 тонна даяр продукцияны түзөт. Заводдун сырлары ар кандай эл аралык көргөзмөлөрдө «жогорку сапат» наамына татыктуу болуп келет.

Ишкананын продукциялары Ат-Башы сүт товарлары бренди менен барган сайын таанымал болууда жана Казакстан рыногунда чоң суроо-талап менен пайдаланылат. Ошондой эле продукциялардын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгынан улам Россия рыногуна да ташып баштоо пландаштырылып жатат.

Белгилүү болгондой, Ат-Башы районунун климаттык шартында завод жыл бою иштей албайт. Күз, кыш айларында чийки сүттүн өндүрүшү кескин азаят. Буга байланыштуу сүт заводунун алдында эл аралык стандарттарга ылайык, коопсуз жана экологиялык жактан таза сүт продукцияларын өндүрүүнү камсыз кылып, чыгарып жаткан продукциялардын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө боло турган сүт-товар комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыгууда жана ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө сүт-товар комплексинин курулушуна Калинин айылынын жанынан 5 гектар жер бөлүнгөн. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 40 млн сом бөлүп берген, ошондой эле Россиядан, Түркиядан жана Германиядан жабдуулар сатылып алынган.

Учурда курулуш иштери башталды.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Алиев экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн ишкананын бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи. Фонд тарабынан жеңилдетилген насыя дал ушул максаттарга багытталган.